Без рубрикиЭкономика

Акылбек Жапаров: Биз жаңы жетишкендиктердин босогосунда турабыз 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Чүй облусунун Кемин районундагы клинкер чыгаруучу “Терек-Таш” заводунун ачылышына катышты.

МинКаб Төрагасы Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн алдындагы бүгүнкү күндүн өзгөчөлүгүн белгиледи.

“Бүгүн биз сыймыктануу менен клинкер чыгаруучу жаңы завод ачып жатабыз. Бул Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын алдында өлкө Президенти белгилеген чоң максаттарды ишке ашыруудагы олуттуу кадам. Үч жылга отуз жыл батты. Мен азыркы тарыхый кырдаалды дал ушундай аныктайт элем”, – деди Акылбек Жапаров.

Ал ошондой эле бүгүнкү 30-августка карата 50дөн ашык ири объектилер ачылып, пайдаланууга берилгенин кошумчалады.

“Терек-Таш” заводунун ачылышы менен бир эле мезгилде өндүрүштүк жана социалдык маанидеги 100 объектти ачып жатабыз. Акыркы үч жыл олуттуу өзгөрүүлөрдүн жана жетишкендиктердин мезгили болду, Президенттин жана анын командасынын аракеттери реалдуу натыйжаларды көрсөтүп жатканын көрүп жатабыз – элдин турмушу жакшырап жаңы жумуш орундары түзүлүп жатат. Глобалдык кризиске карабастан, биз туруктуулукту жана өсүштү көрсөтүү менен алдыга ишенимдүү кадам шилтеп жатабыз”, – деп кошумчалады ал.

МинКаб Төрагасы 2020-жылы консолидацияланган бюджет 248 млрд сом болсо, быйыл анын көлөмү 670 млрд сом деп пландалып жатканын айтты.

“Биз жаңы жетишкендиктердин босогосунда турабыз. “Терек-Таш” заводунун ачылышы – бул максаттарга жетүү үчүн жасалган көп кадамдардын бири гана. Келиңиздер, чечкиндүүлүк жана биримдик менен алдыга жылып, кыргыз элинин жаркын келечегин түзүү үчүн күчүбүздү бириктирели”, – деди Акылбек Жапаров.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button