Без рубрикиЭкономика

Садыр Жапаров «Жунда» заводун модернизациялоого “мезгил кутусун” салды

КР Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-августта, Чүй облусунун Кара-Балта шаарында “Жунда” заводунун ишке киргизүү жана аны модернизациялоо долбоорунун алкагындагы курулушка “мезгил кутусун” салуу аземине катышты.

Иш-чаранын башында Мамлекет башчыга төрт жылдык (2020-жылдын февраль айынан 2024-жылдын мартына чейин) токтоп калгандан кийин өндүрүш ишин кайра баштаган “Чайна Петроль Компани “Жунда” ЖЧКсынын мунай иштетүүчү заводунун абалы тууралуу маалымат берилди.

Үстүбүздөгү жылдын февраль айынын аягында ишкана капиталдык оңдоодон өтүп, марттын аягында ишке киргизүү иштери ийгиликтүү аяктады.

Жылдын акырына чейин завод толук кубаттуулукта иштей баштайт, бул жылына 800 миң тонна чийки затты түзөт. Ошол эле учурда 400гө жакын жаңы жумуш орундары түзүлөт.

Ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышкандан кийин Президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, өлкөнүн жаңы экономикалык саясаты негизинен өндүрүштөрдү ачууга багытталарын айтты.

«Биз турган Кара-Балта шаарындагы “Жунда” заводунун өлкөбүздүн өнөр жайы үчүн мааниси чоң. Себеби бул завод Кыргызстанда мунай продукцияларын өндүрүү боюнча алдынкы ишканалардын бири болуп саналат.

Мунайды кайра иштетүүчү бул заводду ишке киргизип, ошону менен бирге модернизациялоо долбоорунун алкагындагы курулушка “мезгил кутусун” салуу аземине чогулуп олтурабыз. Мындан улам, биз бүгүн Кыргыз Республикасынын өнөр жай тарыхындагы маанилүү окуяга күбө болуп жатабыз деп айтууга толук негиз бар.

Өзүңүздөр билгендей, 2020-жылга чейин “Жунда” заводу бензиндин түрлөрүн, дизель, гудрон, мазут жана суюлтулган газ өндүрүп, калкыбыздын керектөөсүн кайсы бир деңгээлде канааттандыруу менен камсыздап келген. Бирок тилекке каршы, завод түрдүү себептерден улам, 2020-жылдын февралында өз ишин токтоткон.

Заводду кайра ишке киргизүү маселеси Кыргызстан үчүн маанилүү орунду ээледи. Кытай тарап менен тыгыз сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатты. Кытайга болгон мамлекеттик иш сапарымдын алкагында да бул маселени Кытай Эл Республикасынын Төрагасы, урматтуу Си Цзиньпин менен талкууладым», — деген Президент Кытай Президентинин чечкиндүү колдоосуна ыраазычылыгын билдирди.

Мамлекет башчы “Жунда” – Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө багытталган, алдыга бийик максаттары койгон долбоор экенин белгиледи.

«Бирок бул долбоор 5 жылга жакын, тактап айтканда 2024-жылдын март айына чейин токтоп турду. Атайын эки тараптуу топтор түзүлүп, пландар бекитилип, 2023-жылдын ноябрь айынан баштап 2024-жылдын март айына чейин кыска мөөнөттүн ичинде олуттуу иштер жасалды: кайра иштетүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, технологиялык жактан жаңылоо жаатында капиталдык ремонт жүргүзүлдү. Азыр эми өз ишин жаңы кубаттуулукта баштаганы турат.

Ошону менен катар эле заводду модернизациялоо иштери башталат.

Өлкөнүн өнөр жайы үчүн маанилүү делген бул заводго мамлекет ыңгайлуу шарттарды түзүп, колдоосун көрсөтүп, дайым коштоп жүрөт.

Заводду модернизациялоо иштерине 450 млн АКШ долларына жакын каражат өлчөмүндө инвестиция киргизилет.

Министрлер Кабинети менен “Орто Азия энергетикалык компаниясы” жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда Инвестициялык макулдашуу түзүлүп, бир катар салыктык жеңилдиктер берилди.
Мындай жеңилдиктер модернизациялоону тез жана сапаттуу аяктап, заманбап технологияларга ээ болгон ишкананын ийгиликтүү иштеп кетишине чоң көмөк көрсөтөт деп ишенем.

Заводдон жогорку класстагы К4 жана К5 маркасындагы бензиндин өндүрүлүшү заман талабы жана биздин рынокко абдан керек болуп турат. Ал эми мени кубандырганы бул заводдун битум чыгарганы болду. Биздин өлкө, буюрса, жол курууда битумга болгон муктаждыгын камсыздап калат экен. Мындай шартта азыркыдан да көп жолдор курулуп, алардын сапаттары да жогорулайт деп ишенем. Бул аракеттер биздин экономиканы чыңдоого, жумуш орундарынын санын арттырууга жана өлкөбүздүн өнөр жай тармагынын туруктуу өнүгүшүнө алып келет», — деди өлкө башчы.

Садыр Жапаров Кыргызстанды жаңы экономикалык саясаты өндүрүштөрдү ачууга багытталарын, андыктан жаңы завод-фабрикаларды куруу – башкы максаттардын бири болооруна токтолду.

«Мына, быйыл биз 100дөн ашуун өндүрүштүк ишканаларды ишке киргизебиз. Эсептеп чыксак, буга жалпысынан 2 миллиард доллардан ашуун инвестиция тартылыптыр. Ал эми бул ишканалардын ачылышы кеминде 19 миң жаңы жумуш орундарын түзөт. Биз мунун менен эле токтоп калбайбыз. Дагы ушул сындуу алгылыктуу иштерибиз улана берет.

“Жунданын” индустриалдык парк куруу боюнча ири пландары мага абдан жакты, мен колдойм. Бул долбоордун ишке ашышына Кыргызстан толугу менен көмөк көрсөтөт. Жогоруда айтылган жакшы жышааналарга “Жунданын” индустриалдык паркы да түрткү болот», — деди Президент.

Сөзүнүн соңунда Садыр Жапаров өлкөнүн өнөр жайын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн “Zhongda China Petrol Company” жоопкерчилиги чектелген коомун (Чайна Петроль Компани “Жунда”) Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлады.

Президент Садыр Жапаров “Жунда” заводун ишке киргизүү жана модернизациялоо үчүн “мезгил кутусун” салды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button