Коом

Эгемендүүлүк күнүнө карата Ала-Тоо аянтында гала-концерт өтөт

31-август – Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 33 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100-жылдыгына карата кыргыз жана чет элдик эстрада жылдыздарынын катышуусунда гала-концерт өтөт. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдришти.
Концерт Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында “дрондордун шоусу” менен башталат. Кыргыз эстрада жылдыздары Мирбек Атабеков, Нурлан Насип, Бек Борбиев, Гүлнур Сатылганова, Гүлзинат Суранчиева жана Омар, казакстандык Роза Рымбаева, россиялык Стас Михайлов, Люся Чеботина жана Филипп Киркоров, швециялык Боссон тобу, италиялык In-Grid өзүнүн балет тобу менен кыргызстандыктарга майрамдык маанай тартуулашат.
Ал эми концерттин соңунда Россияда жылдызы жанган кыргызстандык Амирчик ырдайт.
Майрамдык концерт саат 20:00дө Бишкектеги Ала-Тоо аянтында башталат.
Келип көңүл ачып кетиңиздер!, — деп жазылат маалыматта.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button