Коом

Кыргызстанда мөмө-жемиш өткөн жылдагыдан 71 миң тоннага көп жыйналды

Быйыл өлкөдө мөмө-жемиш, бакча өсүмдүктөрү өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 71 миң тоннага көп жыйналды. Анын жалпы көлөмү ушул убакытка карата 231 миң тоннаны түзүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жашылча болсо ушул тапта өлкө боюнча 539,4 миң тонна жыйналган. Бул көрсөткүч өткөн жылдын тиешелүү мезгилиндегиден 127 миң тоннага көп.

«Учурда республика боюнча дан өсүмдүктөрүн жыйноо кызуу жүрүүдө. Жалпы 417 миң гектар жерден түшүм орулду, бул жалпы аянттын 70 пайызын түзөт. Быйыл дан өсүмдүктөрү өткөн жылга салыштырмалуу 29 миң гектарга көп айдалган», — дешти министрликтен.

Буудай Жалал-Абад, Талас жана Ысык-Көл облустарында жакшы түшүм берген. Анда дыйкандар гектарынан 30-33 центнерден түшүм алышууда. Арпанын жогорку түшүмдүүлүгү Чүй облусунда байкалды, анда гектарынан 29 центнерден алынууда. Жүгөрү Ош облусунда жакшы түшүм берген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button