Кылмыш-кырсык

УКМК: Сузак айылдык кеңешинин мурдагы депутаты уюшкан кылмыштуу топтон баш тартты. Видео

Уюшкан кылмыштуулукка жана кылмыштуу идеологияга каршы күрөшүү боюнча алдын алуу иш-чараларынын алкагында Сузак районунун 40 жаштагы тургуну У.Ш.А. уюшкан кылмыштуу топтон баш тартты. Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан кабарлашты.

Маалыматта белгиленгендей, ал менен профилактикалык сүйлөшүү жүргүзүлгөн. Буга чейин социалдык тармактарда анын «Салим Байбача» деген ат менен таанымал, Кыргызстандын аймагында издөө жарыяланган кримавторитет Салимбай Абдувалиев менен түшкөн сүрөтү активдүү таркатылган болчу.

УКМК кошумчалагандай, У.Ш.А. 2023-жылдын декабрь айында жер тилкелери менен алдамчылыкка катыштыгынын далилин жок кылуу максатында Сузак айыл өкмөтүнүн имаратын атайылап өрттөп жибергендиги үчүн 100 миң сом айыпка жыгылган. Андан соң ал өрттөнгөн имаратты оңдоого бөлүнгөн 6 млн сом зыяндын ордун толтуруп берген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button