Коом

Кыргызстанда ЖККУнун машыгууларына даярдыктар көрүлүүдө. Сүрөттөр

Кыргызстанда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун машыгууларына даярдыктар көрүлүүдө. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти. Балыкчы шаарындагы 20636 аскер бөлүгүнүн окуу-машыгуу борборунун аймагында ЖККУнун ыкчам жооп кайтаруу жамааттык күчтөрүнүн командалык-штабдык “Өз ара аракеттенүү — 2024”, чалгындоо күчтөрү жана каражаттары менен “Издөө-2024”, ошондой эле, материалдык-техникалык камсыздоо күчтөрү менен “Эшелон-2024” атайын машыгуулары өтөт.

Иш-чара 7-сентябрдан 11-сентябрга чейин үч этапта өткөрүлөт.

Эл аралык машыгууга Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын улуттук контингенттери, ошондой эле ЖККУнун катчылыгынын жана бириккен штабынын өкүлдөрү катышары айтылды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button