Бүгүн Барскоон – Үчтурфан – Ак-Суу унаа жолунда “Бедел” өткөрүү пункту ачылат
Бүгүн Барскоон – Үчтурфан – Ак-Суу унаа жолунда “Бедел” өткөрүү пункту ачылат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Барскоон – Үчтурфан – Ак-Суу унаа жолундагы “Бедел” көзөмөл-өткөрүү пунктунун ачылышы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода жүгүртүүнү көбөйтүүгө мүмкүндүк түзөт.
Учурда Барскоон-Үчтурфан-Ак-Суу унаа жолунун Кара-Сай айылынан №6 чек ара заставасына чейинки узундугу 58 чакырымга жеткен жолду оңдоо-калыбына келтирүү иштери аяктоо алдында турат. Пландалган иштердин 95 пайызы аткарылды. Автоунаа жүрүү үчүн жолду ачуу иштери жүрүп, түтүктөр орнотулуп, көпүрөлөр монтаждалууда.
Министрлик “Бедел” өткөрмө пункту ачылышына карата Барскоон – Үчтурфан – Ак-Суу жолунун курулушуна салым кошкон жолчулардын эмгеги чоң экендигин белгиледи.