Без рубрики

Кыргызстандагы мектептерге Россотрудничество 3000 китеп берди

Россотрудничество жаңы окуу жылынын алгачкы күндөрүндө Кыргызстандагы мектептерге 3000 китеп берди. Бул тууралуу Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борбору («Русский дом») маалымдады.
Билдирмеге ылайык, билим берүү мекемелерине балдардын көркөм адабияттары тапшырылган.
Китептер Бишкек, Ош, Ысык-Көл жана Чүй облустарындагы мектептерге таратылган. Ал мугалимдери «Дүйнөнү өзгөртчү аялдар» сынагынын «Орус тили жана адабияты» атайын номинациясына катышкан 10 мектепке берилген.
Өкүлчүлүктүн башчысы Альберт Зульхарнеев Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы, Караколго жакын Ак-Терек, Тепке айылдарындагы мектептерге барып келишкенин айткан. Ал мугалимдер окуучуларга билим берип гана чектелбестен түрдүү кароо-сынактарга катышып, өтүнмөлөрдү берүү менен балдарды кызыктырган окуу курал, китептерди тартып келе аларын белгилеген.
«Бардык мугалимдерге талыкпас эмгеги, жарандык позициясы үчүн рахмат айтам. Россотрудничество жана Россиянын башка уюмдары орус тилин үйрөнүүнү дайыма колдойт», — деген Зульхарнеев.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button