Коом
Петербургда 22 жаштагы кыргыз кыз 6-кабаттан кулаган. Окуяга шектелип эки мекендеши кармалды
Санкт-Петербургда 21 жаштагы кыз 6-кабаттан кулап, окуяга тиешеси бар делип эки киши кармалды. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 3-сентябрга караган түнү болуп, полиция саат 02.00дө жерине барган.
«А.Б. аттуу кыргыз жараны бир нече жаракаты менен ооруканага жеткирилген. Анын абалы туруктуу оор деп бааланууда. Ошондой эле окуяга тиешеси бар деген шек менен 22 жаштагы М.Б. жана С.Ш. аттуу кыргыз жарандары кармалган. Россиянын укук коргоо органдары тарабынан тиешелүү текшерүү иштер жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.
Окуяга тиешеси барлар КР жарандары экени жана Санкт-Петербург шаарындагы Башкы консулдук бул ишке көз салып жатканы кошумчаланды.