Коом

«Бишкекбашкыархитектура» Мамкурулуштун карамагына өттү

Министрлер кабинети “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасын Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин карамагына кайтаруу чечимин кабыл алды. 

Чечим архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба тармагында мамлекеттик башкарууну оптималдаштыруу жана эффективдүүлүктү жогорулатуу максатында кабыл алынды.

Ошентип, архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба чөйрөлөрүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырууга бирдиктүү мамилени камсыз кылуу, ошондой эле бул багыттардагы борбордук жана жергиликтүү бийлик органдарынын ортосундагы аракеттерди координациялоону жакшыртуу пландаштырылууда.

Бул негизги секторлордо башкаруунун натыйжалуулугун жана кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу күтүлүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button