Чолпон-Атада Түрк мамлекеттер уюмунун Ички иштер министрлер кеңешинин отуруму өтүүдө
Чолпон-Ата шаарында бүгүн, 6-сентябрда Түрк мамлекеттер уюмунун Ички иштер министрлер кеңешинин биринчи отуруму өтүүдө. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти.
Отурумга Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбеков, Азербайжандын ички иштер министри Вилаят Эйвазов, Казакстандын ички иштер министри Эржан Саденов, Түркиянын ички иштер министри Али Ерликая, Өзбекстандын ички иштер министри Пулат Бобожонов жана Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев катышууда.
Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев өз сөзүндө, бир катар маселелерди көтөрдү.
«Азыркы тапта мыйзамсыз аткезчилик, кибер кылмыштуулук жана терроризм жалпы дүйнөнү кооптондурган көйгөй болууда. Ушул себептен Түрк мамлекеттер уюмунун ички иштер министрлери бул багытта биргеликте иш алып баруу маанилүү экенин белгилешти», — деди ал.
Уюмдун негизги максаты — кылмыштуулукка каршы күрөшүү, эл аралык кылмыштуу топтордун ишине бөгөт коюу.