Коом

Чүй облусунда мурда соттолгон жаранды кармоо учурунда ок атуучу куралдар табылды

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн атайын операциянын жүрүшүндө ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактоого шектелип мурда бир нече жолу соттолгон жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти.

   

Буга чейин ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлерине криминалдык авторитеттин кылмыштуу тобуна кирген жаран баңгизаттарды сатуунун туруктуу каналын түзгөндүгү жана анын курал-жарак сатууга катышы бар экендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Буга байланыштуу шектүү жаранга карата ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлгөн.
Чогулган материалдардын негизинде Чүй облусунун Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнүн тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, Чүй облусунун Көк-Мойнок капчыгайында жашынып жүргөн жеринен шектүү жаран кармалган. Кармоо операциясына ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери, Ысык-Ата РИИБдин тергөөчүлөрү, ошондой эле райондук прокуратуранын кызматкерлери катышкан.
Кармоо операциясы учурунда тоодон шектүү жаран 1989-жылы туулган И.Ш.га таандык «БМВ» үлгүсүндөгү унаа аныкталган. Тинтүү иш — чараларын жүргүзүүдө унаанын ичинен мыйзамсыз сакталган номурлары өчүрүлгөн “Макаров” (ПМ 9мм) үлгүсүндөгү тапанчасы, майда калибрлүү мылтык жана ок-дарылар табылып алынган.
Аталган жаран мурда соттолгон, кылмыш дүйнөсүнүн идеологиясын карманат, криминалдык чөйрөдө туруктуу байланыштары жана кадыр-баркы бар. Ал эркиндигинен ажыратуу жайларында “положенец” деген криминалдык макамдарга ээ болгон, андан тышкары район боюнча “смотрящий” деген макам алып жүргөн.
Кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.
Азыркы учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алынган курал боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды. Тергөө иштери жүрүп жатат.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button