Коом

Кыргыз-түрк ооруканасына Режеп Тайип Эрдогандын ысымы ыйгарылды

Бишкектеги Кыргыз-түрк ооруканасына Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын ысымы берилди. Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Мындан ары медициналык борбор Режеп Тайип Эрдоган атындагы Бишкек Кыргыз-түрк достугу мамлекеттик ооруканасы деп аталат.
Медициналык борбор Түркиянын каражатына курулуп, 2021-жылы расмий ачылган. Анткен менен ал 2017-жылдын ноябрь айында эле курулган. Бирок үч жылдан ашык убакыт бою иштебей туруп, 2020-жылы Түркия оорукананы COVID-19 менен жабыркагандарды дарылоо үчүн Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүп берген.
Оорукана калкка медициналык кызмат көрсөтүүдөн тышкары, илимий иштерди да жүргүзөт. Ошондой эле бул борбордо өлкөдөгү алгачкы трансплантология жасалган.
Медициналык жайдын түзүмү төмөнкүлөрдү камтыйт: медициналык тез жардам кызматы, анестезия бөлүмү, терапевттик бөлүм, гастроэнтерология, жалпы хирургия, пульмонология, жүрөк-кан тамыр хирургиясы, кардиология бөлүмдөрү, мындан башка бейтапкана жана радиология бөлүмү бар.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button