КоомСаясат

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо 17-ноябрга дайындалды

Президент Садыр Жапаров Ош, Бишкек шаардык кеңештерин жана жети облустун жергиликтүү кеңештерин таркатты.

Эске салсак, буга чейин административдик-аймактык реформа жүрүп, натыйжада айыл аймактарынын саны кыскарган. Маалыматка караганда, 484 жергиликтүү кеңеш, анын ичинде 33 шаардык кеңеш таркатылды.

Ал эми 17-ноябрда 249 жергиликтүү кеңеште шайлоо өтөт. Анын ичинде Бишкек жана Ош шаардык кеңештери бар.

Президент ошондой эле шайлоону өткөрүү боюнча мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button