Коом
Быйыл Кыргызстанда селден 1 млрд сомго материалдык зыян келтирилди
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Нурсултан Беренбеков билдирди.
Анын айтымында, жалпысынан өлкө аймагында 330дан ашуун сел катталды. Көбү Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарына туура келди. Табигый кырсык 22 адамдын өмүрүн алды.
Беренбеков белгилегендей, учурда кооптуу делген тилкелерде күнү-түнү нөөмөт жүргүзүлүп, шашылыш билдирүүлөр берилип турат.