Коом

Бишкек-Москва поезд каттамы 2025-жылга чейин жанданышы күтүлүүдө

Бишкек-Москва эл аралык жүргүнчү поезддин каттамы 2025-жылга чейин жанданат деп пландалууда.

Унаа жана жолдор министрлигинен эске салышкандай, коронавирус чектөөлөрү киргизилгенден кийин Бишкектен Москвага поезд каттабай калган.

Кийинчирээк Самара шаарына темир жол каттамдары жанданган. Ал эми Москва темир жол түйүнүн масштабдуу реконструкциялоо иштери башталгандыктан, Россиянын борбор шаарына поезддер жүрө элек.

2025-жылдын жаңы графигинде Бишкектен Москвага эл аралык жүргүнчү ташууну жандантуу пландалууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button