КоомКылмыш-кырсык

УКМК: УКТнын мүчөсү «Киборг» кармалды

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Киборг каймана аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Уюшкан кылмыштуу топтордун аракеттерин аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларын уюштуруунун жүрүшүндө, жоюлган мыйзамдагы ууру К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү Киборг» каймана аты бар КР жараны М.Н.М. мыйзамсыз иштер менен алектенген Камчы Асанбек (Көлбаев) менен жана Сапа каймана аттуу Балыкчы шаарынын “смотрящийи” С.С. менен тыгыз байланышта болгондугу тууралуу маалыматтар алынган.

Тактап айтканда, ал «уурулардын казынасын» толтуруу жана жеке баюу максатында, тапанча колдонуп, опузалап акча талап кылган жана мыйзамсыз түрдө олуттуу финансылык каражаттарды жана кыймылдуу мүлктөрдү ээлеп алгандыгы аныкталган.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында үстүбүздөгү жылдын 4-сентябрында Бишкек шаарынын аймагында тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү учурунда М.Н.М. кармалып, анын жанынан Макаров системасынын травматикалык тапанчасы табылып алынган.

Учурда М.Н.М. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button