Коом
Нарында дем берүүчү гранттын эсебинен 26 долбоор каржыланды
2024-жылдын 8 айына карата Нарын облусуна дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 21,3 млн сом бөлүндү.
Финансы министрлигинен билдиришкендей, бул суммага 26 долбоор каржыланды:
- Кочкор району 8 объектиге 6,8 млн сом;
- Нарын районунун 3 объектисине 2,1 млн сом;
- Ат-Башы району 8 объектиге 5,2 млн сом;
- Ак-Тала району 4 объектисине 3,1 млн сом;
- Нарын шаары 3 объектисине 4,1 млн сом;
Анын ичинен:
- 5 мектепке – 3,3 млн сом;
- 7 инженердик-коммуникациялык инфраструктура объектилерине – 6,5 млн сом;
- 3 спорттук курулуштар – 1,9 млн сом;
- 5 маданий маанидеги объектилерге – 3,3 млн сом;
- 6 бала бакчаларга – 6,3 млн сом;