УКМК: Чүй облусунун Жайыл районунун прокурорунун жардамчысы жана жактоочу пара алып жаткан жеринен кармалды
УКМК тарабынан мамлекеттик органдардын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ишиндеги коррупциялык көрүнүштөрдү демонтаждоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө, Жайыл районунун прокурорунун жардамчысы ишенимдүү адвокат аркылуу айыптоонун квалификациясын жеңилдетүүчү жагына өзгөртүү жөнүндө маселени оң чечкендиги үчүн пара (акча) алгандыгы аныкталды.
Тактап айтканда, козголгон кылмыш ишинин алкагында КР Башкы прокуратурасынын Ички иликтөө башкармалыгы менен биргеликте тергөө-ыкчам иш-чаралар комплекси жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө кылмыш ишинин фигурантынан 80 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алган Ш.Н.Ж. аттуу жактоочу кармалган, ал алынган каражатты Чүй облусунун Жайыл районунун прокурорунун жардамчысы О.Н.С.га кылмыш ишинин беренелерин анча оор эмес беренеге жеңилдеткендиги үчүн пара катары өткөрүп берген.
Тергөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен адвокат КР Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (пара берүү) менен, прокурордун жардамчысы КР Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (пара алуу) менен айыпталган.
Учурда КР УКМК тарабынан аталган кылмышты жасоого башка адамдардын катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча кошумча чаралар көрүлүүдө.