Коом

Салык кызматы 3,1 млрд. сом мүлк салыгын чогултту

Салык кызматы 8 айда 3 миллиард 199,2 миллион сом мүлк салыгын чогултту. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти. Билдирүүгө ылайык, бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 379,4 миллион сомго көп.
«Чогултулган каражаттын 845,7 миллион сомун кыймылдуу, ал эми 1 миллиард 251,3 миллион сому кыймылсыз мүлк салыгы түздү. Жер салыгы боюнча жыйымдар 1 миллиард 102 миллион сом болду», — деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, 1-сентябрда транспорт каражаттарына, турак жайларга жана үй жанындагы, короо-жай жана бак чарба жер участокторуна салык төлөө мөөнөтү аяктаган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button