Мени ойготкон жамгыр…
Мен болсо аны аябай күттүм, келет деп үмүт кылдым, а бирок ал келем деген сөзүнө турбады…
Жалгызмын, сыртта жамгыр көмөктөп жаап жатты, өмүрүмдүн өткөн күндөрүнө көз чаптырып карасам, жаштыгымдын жалындуу мезгили төрт дубалдын ичинде балдарым менен өтүп, сыртта дагы аалам бар экенин унутупмун.
Убагында мен да суналган сулуу, нечен жүрөктөрдү жаралаган жан болгом, бирок ошол учурда ушинтип жалгыз калаарымды түшүндүм беле, албетте жок…
Өткүрдү мен өмүрүмдүн жарымына чейин күттүм, бирок келбесин эми гана, тагыраагы бүгүн, ушул жамгырлуу күндө сезип отурам. Өткүр экөөбүз тээ студент кезде таанышып, өмүр бою бирге болууга ант бергенбиз, бирок тагдырдын планы башкача экен. Анын ата- энеси эбак эле башка адамдар менен турмуш жолун чечип, кимге үйлөнүп, кайда иштээрин бычып коюшуптур. Башканын жолдошу, татынакай 3 баланын атасы болду. Мен болсо аны аябай күттүм, келет деп үмүт кылдым, а бирок ал келем деген сөзүнө турбады, мен болсо куру сөздөрдүн курмандыгы болдум, балким, ал абал мага жаккандыр, азыр эми маанисиз…
Өткүрдөн калган 2 балам бар, алар да өз жолдорун таап кетишти, азыр балдарымдын бактысын сурап отурам, мен кетирген катаны кетиришпесе экен дейм…
Өмүрүмдүн жарымына келгенде гана көзүм ачылып, керексиз адамдарга убакыт коротуп, пайдасыз ойлор менен алпурушуп жүргөнүмдү түшүндүм.
Ушул жамгыр мени ойготконуна ыраазымын!
Мен эми бактылуу болуу үчүн жөнөйүн, рахмат сага жамгыр!
Автор: Асель Жаныбекова