Коом

Адис эмне үчүн күзүндө чач көп түшөрүн айтып берди

Жай мезгилиндеги ичеги-карын инфекциялары күздө чачтын абалына кандай таасир берерин трихолог Ольга Кохас Sputnik радиосуна курган маегинде айтып берген.
Дарыгер күздүн келиши менен аларга кайрылган бейтаптар көбөйөрүн белгиледи.
«Жай бүтүп, күз башталганда чачтын көп түшө баштаганы ысыктагы уулануулар менен байланыштуу. Мисалы, балким, сиз кайсы бир жашылча-жемишти жуубай жегенсиз же суусу таза эмес көлмөгө чөмүлгөнсүз. Мындайда ашказан-ичеги органдарында уулануу жүрүшү ыктымал. Чачтын түптөрүндө анын кайраттуулугун, өсүшүн камсыздаган иммундук система бар. Ал эми ичеги-карындагы көйгөй ошол системаны талкалайт», – деп белгилеген Кохас.
Адис ичеги-карындагы инфекциялардын таасири чачка бир нече күндөн кийин жетерин, ошондуктан бейтаптар күздө кайрылышарын кошумчалаган.
«Адам катуу ууланып, андан айыгуу үчүн атайын дары каражаттарын ичкен болсо чачка эки айдан кийин таасири тиет», – деп түшүндүргөн трихолог.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button