Коом

УКМК: Бишкек шаарындагы УКМК башкы башкармалыгынын Ленин райондук бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды

Бүгүн, 2024-жылдын 12-сентябрында УКМК башкы башкармалыгынын Ленин райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын расмий ачылыш аземи болуп өттү.

Имараттын ачылышына Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, генерал-полковник Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич, УКМКнын ардагерлери жана башкармалыктын өздүк курамы катышты.
Мамкомитеттин жаңы имараты толугу менен заманбап техникалар менен жабдылып, аскер кызматкерлеринин улуттук коопсуздуктун кызыкчылыгында жемиштүү иштеши үчүн бардык шарттар түзүлгөн.
Генерал-полковник К.К. Ташиев Башкы башкармалыктын кызматкерлерин куттуктап, республиканын жетекчилиги тарабынан мындан ары да мамлекеттин көз карандысыздыгы, аймактык бүтүндүгү, улуттар аралык биримдиги жана ынтымагы үчүн күрөштүн алдыңкы катарында турган ата-мекендик атайын кызматтардын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу боюнча чаралар көрүлөрүн белгиледи.
Ошондой эле, КР УКМК төрагасы К.К. Ташиев улуттук коопсуздук органдары мындан ары да Ата-мекендин кызыкчылыгы үчүн жан дили менен кызмат кылып, республиканын жетекчилигинин уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ички саясий курсун сапаттуу ишке ашырууну камсыздай турганын белгиледи.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button