Кылмыш-кырсык

ИИМ: Ала-Бука районундагы окуя иликтенүүдө

2024-жылдын 12-сентябрь күнү болжол менен саат 16:55 чамасында Ала-Бука РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Ала-Бука районунун Жапа-Салды айылынын ортосунда белгисиз жарандар унаанын артынан кууп келишип, ок чыгаргандыгы маалымдалган.

Териштирүү иштеринин алкаганда, Ала-Бука РИИБдин жетекчилиги окуя болгон жерге барган кезде болжол менен 25-30 жаштардагы балдар өз ара уруша кетип, балдардын арасынан бирөө трамватикалык курал менен ок чыгаргандыгы аныкталган. Кароо учурунда 1 даана гилзасы алынган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинде (бейбаштык) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык, соттук-биологиялык жана соттук-баллистикалык экспертизалар дайындалган.

Милиция кызматкерлери тарабынан аталган окуяга шектүү катары Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун тургуну 1994-жылы туулган К.Н. кармалып, тергөө кызматына жеткирилген. Буга чейин жаран Н.К. Россияда каракчылык фактысы менен соттолгон.

Ошондой эле жабырлануучу 1999-жылы туулган А.Э. райондук ооруканага жеткирилди. Азыркы учурда териштирүү иштери жүргүзүүлүүдө. Тергөө амалдарынын жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button