Коом

Кыргызстандын рыногуна жаңы чет элдик банк кирди

Июнь айынын башында Юстиция министрлиги чет элдик капиталдын катышуусу менен түзүлгөн “Асман банкты” каттоодон өткөрдү. Ведомствонун маалыматына караганда, капитал Кипрга таандык.

Ошол эле учурда банктын жалгыз негиздөөчүсү Михаил Кузовлев болуп саналат. Ачык булактардагы маалыматта ал россиялык финансист, “Москва Банкынын” экс-жетекчиси катары көрсөтүлгөн. Башкармалыктын төрагалыгына буга чейин “Керемет Банк ” жана “Компаньон” банкын жетектеп келген Эркин Жумабаев дайындалды.

Белгилеп кетсек, колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, Кыргызстанда жаңыдан түзүлгөн коммерциялык банктар 1 миллиард сомдон кем эмес уставдык капиталды түзүүгө жана банктык лицензияны алууга уруксат алган күндөн тартып алты айдын ичинде документтерди берүүгө милдеттүү. Улуттук банк өз кезегинде бул документтерди кароого алты айга чейин убактысы бар.

“Акчабар” сайты буга чейин Кыргызстанда 21 коммерциялык банк бар экенин жазган. Июнь айында алардын саны 23 болгон, бирок эки банк – “Аманбанк” жана Пакистан Улуттук банкынын Бишкектеги филиалы ишин токтоткон. “Аманбанк” микрокредиттик компанияга айландырылып, Пакистандын Улуттук банкынын филиалы өз ыктыяры менен жоюлган.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button