Коом

Президенттин маалымат катчысы сырттагы мигранттарды мекенге чакырды

Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов Россияда тигүү тармагында иштеп жүргөн кыз-келиндерди, курулушта эмгектенген эркектерди Кыргызстанга келип иштөөгө чакырды. Бул боюнча социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Ал учурда Кыргызстанда тигүү тармагында да, курулушта да жумушчу күч жетишпей жатканын белгилеген.
«Албетте, сиздерди кызыктырган эмгек акы Россияда иштеп тапкан менен бирдей эле болот. Эң башкысы, Ата Мекениңизде, өз үй-бүлөңүздүн жанында иштеген жакшы эмеспи. Келиңиздер, өз жерибизде иштеңиздер», — деген Алагөзов.
Маалымат катчы байланышып, суроолорго жооптор бериле турган төмөнкү телефон номерлерди калтырган:
1899 (Кыргызстан ичиндеги чалууларга) жана 0559189900 (WhatsApp).

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button