ДүйнөКоом

Кылмышкер унаа уурдап, аны менен милициянын дарбазасын сүзүп кармалды

Гонконгдо (Кытай) коркуп кеткен таксист унаасын уурдап кетишкенин айтып, полицияга кайрылган.

Унаага бир киши түшүп, дароо эки чоң ашкана бычагын алып чыгып, таксистти коркута баштаган. Айдоочу качып кетүүнү чечип, андан соң унаасы белгисиз тарапка кетип калган.

Милиция окуя болгон жерге жакын жерден кылмышкер ыргытып жиберген бычактарды тез эле таап, бирок кийин ишти иликтөө үчүн көп күч-аракет жумшоонун кереги жок болуп чыккан. Себеби, окуя өзү  иликтенип, барымтачы рулду башкара албай калып, уурдалган такси менен шаардык милициянын дарбазасына кирип кеткен.

Жыйынтыгында 51 жаштагы Лю аттуу жаран кармалган. Ал өзүнүн кылмышын катуу мас абалында жасаганын моюнга алган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button