Блогер блокКоомМаданият

«Маркумдар үнү» китебинен үзүндү

Бул китепти өлкөсүн сүйүп, тарыхын урматтаган ар бир кыргыз окушу керек. Кыргыз интеллигенциясы, кыргыздын каймактары, алардын жашоосу, басып өткөн оор тагдырлары кенен сүрөттөлгөн.

Кадам-медиа.кж сайтынан күн сайын «Маркумдар үнү» китебинин узүндүлөрүн чыгарып турабыз

МАРКУМДАР ҮНҮ – КӨЧКӨН САКТАНОВ

БИРИНЧИ БӨЛҮМ

…Кeч күз эле. Очок боюнда ысык күлгө бутумду салып отургам. Жанарак эле төрөлгөн баласы өлүп, там үйдүн төр жагында апам төрөттөн кансырап жаткaн болучу. Онтогону ого бетер күчөп:

— Чыкчы, кагылайын… атаңды карачы!-деди.

Эшикке жүгүрүп чыгып, тегерете карап:

— Апа, атам көрүнбөйт,-дедим.

— Азыр эле чыкты эле го, кайда кетти экен? — Алсыз күрсүнүп, айласы кеткендей кайрадан шалдырап жатып калды. Аны аядым. Жанына жетип барып, башына отура калып:

— Апаке, эмне болду?-дедим.

Эмне дээрин билбей, мени тиктеп, бир саамга көздөрү мага жалдырай түштү. Алсыз колун жерден араң алып, төбөмдөн сыламак болуп, бирок сылай албады. Ошондо муун-жүүнү бошоп, тиштенген эриндери солк этип, кирпиктери нымдаша берди.

— Апа, эмне болду? Ыйлабачы!

— Атаңды карачы… Чакырчы…. Чуркачы, кагылайын!

Ушул учурда сырттан атам карпа-күрпө кирип келди. Көздөрү элейип, өңүндө нары мусаапырлык, нары коркуу бар. Апам баш көтөрүп:

— Келдиңби… кел, жаныма отурчу, — деди.  Абалымды көрүп турасың. Ахвал жаман… Мурунку балдарыбыз токтободу, а кийинкиси бу… өзү эле эмес, мени кошо ала жата турган болуп калды.

Атамдын көздөрү тереңинде чакчайып «бу эмнеси… мунуң кандай?» дегендей, мусапыр өңү ого бетер мусапырлана мени кара тутуп, жалт карап алды. Апам сөзүн улады.

— Сенден өтүнөрүм бу… Гапаралини кор кылба… Экөөбүздөн калган белек, тукум ушу гана. Менин же өзүңдүн туугандарыңа ишенип берип койбой, өзүң чоңойт…

 

Апам алсыз колундагы шакeги менен билеригин сууруп атама сунду.

— Me…. көзүм өтөөрү менен эже-сиңдилерим алып кетиши мүмкүн, өзүңөр керектегиле…

 

Мына ушиитти да, бир милдет, бир карыздан кутулгансып, боюн түзөп, шалдырап жатып калды. Ушул учурда менин көзүмө апам бизден дароо алыстап бараткансыды, бирок кайда баратканы, кимге баратканы мага белгисиз эле. Өңү чөптөй кубарып, көздөрү тунарып кетти. Мен уясынан ыргыган сары ооз балапандай чырылдап талпындым.

 

— Апа-а-аа!

 

Aпама үнүм жетпеди, апам мени укпады. Ошентип, a-бу дегиче эле атам экөөбуз апамдан биротоло айрылып, бирибиз жесир, экинчибиз жетим калдык. Кечээ эле мени койнунда алып жаткан апам, эртеси эле өзү жердин койнунда, дөмпөйгөн топурак алдында калды. «Кызык? Бул эмнеси? Бу жашоо, бу дүйнө түбөлүк эмеспи? Бири-бирибизден бир күнү эле ушинтип биротоло ажырап калабызбы? Аттиң-ай, ошентебизби?”

 

Ошентип, ансыз эле кедей жашаган биз, апам өлгөндөн кийин ого бетер кедейлене, маанайыбыз өчүп, жүдөй түштүк. Апам тирүү кезинде кээде эптеп-септеп туугандарынан бир жээрлик тамак алып келип турчу. Анын үстүнө ошол жылы эл көк ичеги болуп ачарчылык эле, апам өлгөндөн кийин бизди ого бетер ачарчылык басты, бирок кимдин эмне болгонуна, кандай болгонуна карабай күн өтө берет тура. Арман-азабыбыз канча ашынган менен күндөр өтө берди. Көп узабай

эле атамдын таекелери ага бир жесир таап, экөөнү баш коштуруп койду. Ал жөн аял эмес, бакшы аял экен. Чакырган жерге барып, бакшылык кылат. Жини тараганда, төгөрөктөгөн элге төлгө ачат. Бир ирет бакшылыгы бүтүп, анан төгөрөктөгөн элдин ортосунда жини менен коштошуп жатып, минтип солуктаганы эсимде.

 

Э-э, азууларын арсайтып-а,

Э-э, ат өлүмү көп болот-a!

Э-э, муруттарын чычайтып-а,

Э-э, эр өлүмү көп болот-a!

 

Отургандардын кээлери “субухон-алла, субухон-алла!” дешсе, кээлери «Яа, айланайын, кудай, сактай көр пендеңди!» деп жака карманып, жаратканга тооба кылышат, бакшыга байгамбардай ишенишет. Өгөй энеме мен, мага өгөй энем боорун анча бербегени менен бакшылык кылып бизге тамак таап келиши аябай жагып жүрдү, а бирок атам анын бакшылыгын негедир намыс көрчү. Ушундан улам атам бир ирет:

 

— Сенин минтип, бакшылык кылып бизди бакканыңдын кереги жок. Мен сени менен жашай албайм! – деди.

 

Байкуш бакшы энемдин сабыры суз тартып, оозунан сөзү түшүп, унчукпай калды. Экөөнүн ортосундагы көп нерсеге түшүнбөдүм, түшүнө албайт да элем, түшүнүүнүн кереги да жок эле. Бирок, мени бир гана нерсе, «эми бизге ким тамак таап келет?» деген ой кыйнады. Анткени, мени ал кезде айрыкча алардын ортосундагы ымала эмес, эртели-кеч ишчү тамак көбүрөөк ойлонтчу.

Ошентип, атам аны өз төркүнүнө жеткирип келди. Кайрадан атам аялсыз, мен энесиз калдым. Өз энедей эмгек бербесе да, энелик мээрими бар эле да. Эртели-кеч очок боюнда отурган энелик карааны бар эле да. Аттиң… ушуну мен эмес, эмне үчүн атам түшүнбөйт, ыя?

— Ата, аны эмне үчүн кетирдиң? – дедим нары табы, нары кунары кете түшкөн очок боюнда отуруп.

 

— Э-э… -деди атам этегин күүнүп. — «Арзандын шорпосу татыбайт» деген ушул. Аял эле ушу болсо, экинчи үйлөнбөйм…

 

Ушул ушу болду, ушундан кийнн атам аял жөнүндө ооз ачпай калды. Нerедир ал, айрыкча апам өлгөндөн кийин тагдырына, көрүп аткан кунүмдүк турмушуна нааразы болуп, кайгысы жүзүнөн, айрыкча мени боор ооруй тиктеген көздөрүнөн көбүрөөк көрүнө баштачу болду.

Бир күнү кимдир бирөөнүн төөсү өлүп, сага эт апкелем деп, атам эртелеп ошоякка кетип, кечинде төөнүн этин алып келди. Жумасына эмес, а кезде айына этке бир тою биз үчүн чоң майрам эле. Кедей-кембагал колундагы төрт түлүгүн өзү өлгөндө же той-тамашада гана cойбосо, демейки жөн күндөрү сойчу эмес. Ошон үчүн, айрыкча бизге окшогон көк ичеги жетим-жесир үчүн ысык шорпо ичүү бу, өмүрүндөгү зор окуя катары сезилчу. Эрте менен ичкен чаңгыт аш ичимди жалап, ушундан улам, эски уядагы темир канат балапандай оозумду утуру ачып, атамды кечке зарыга күтүп отура берем. Бүгүн да ошентип отурдум. Атам кеч келди. Атама эттин чүйгүн жеринен бербей калган-катканын бериптир. «Кичине бала муну кайдан билсин?» дээрсиз. Энесиз жетим баарын билет. Этти жеп атсам арасында курт жүрүптүр. Дароо жийиркенип, оозумдагыны жерге түкүрдүм.

— Ата жебейм…

— Эмне болду?

— Арасында курт жүрөт…

 

Атам шалдырай тушту. Айласы куруп, мени алдамакка өттү.

 

— Курт эмес ал.. жей бер, балам…

— Жебейм!.. Эмне курттуу эт апкелесиң?!

Атам казан-аягын канча калдыратканы менен кечки тамагыма курттаган эттен башка эчтеме табылбады.

 

— Тазалап, сууга кайра кайнатып берейин, эптеп же эми.

— Жебейм!..

Атам мени жаактан ары тартып ийди. Анан кайра мени аяп, аябай капаланды. Бу дүйнө атама тар болуп турду. Жарык дүйнөдөгү жашоого тоюп кеткенсиди.

 

— О, кудай! Эгер бар болсон, эгер адилет болсон, эrep баарына тең болсон, бизди ушинтпес элең! Бизди ушинтип, алакчылап, кордобос элең! Кудай, сен жоксуң! Жоксуң! Болсоң минтпес элең, кудай!

 

Атам жинди болгонсуп, өкүрүп-бакырды. Коңшулар жетип келди.

— Э, Айти, сага эмне болду?

— Эмне болсун?!.. Кудай деп, кул болдум! Бирөөнүн акын жебедим, ушак сүйлөп, ууру кылбадым! Бирок, мага ал эмне жакшылык кылды?!

— Кой эми, кой…

— Эмнеге коём?! Мына, Атабай бай каныбызды сүлүктөй соруп, төрүбүздү тебелеп, бирибизге ак, экинчибизге кара сүйлөп, биздин бешене терибизден дүнүйө жыйнап отурат. Эгер кудай болсо, эгер эле ал адилет болсо, мени корлобой, мына ошол балта жутаар Атабайды корлор эле.

 

Атабай байдын Жаян аттуу көрөр көз аялы, кээде мени чакырып, калган-каткан кешик оокаттан бере койчу эле. Ушул окуядан кийин андай кешиктен да айрылдым. Азыр ойлосом, атамдын жаны кейигенде айткан жан кечти сөзү түз эле Атабай байдын өзүнө жеткен экен.

— Бу кара таман көз көрүнөө каапыр болуп кетиптир, — деген сөзүн бир ирет кешик аңдып барып угуп калдым.

— Э, бу Айти жинди болуп кетиптир! — деди экинчиси.

— Жинди эмес эле, каапыр болуп кетиптир, -деди дагы бирөө.

— Муну биерден жоготуш керек! — деди Атабай бай.

Ушундан кийин бизге эч ким жолобос болду, сүйлөшпөс болду. Кудайдын курутун катып, тузун уурдагансып, эл-жерден четтеп калдык. Апамдын өлгөнү бир азап болсо, бу бизге экинчи азап болду.

Бир күнү балдар менен ойноп атсам, кичине тагам жетип келип:

— Гапар!.. Жүр, кокуй.. Атабай байга каяша айтканы үчүн атаңы куйкалап атышат!- деп жетелеп жүгүрдү. Кичине тагамдын коргону Атабай байдын коргонунун жанында эле. Тагам:

— Сен дарбазанын тешигинен батасың, кирип барып, ыйлап-сыктабасаң атанды өлтүрүп коюшу мүмкүн! — деди.

Дарбазанын тешигинен октой атып чыгып, атамды көздөй жүгүрдүм. Атамдын эки колу менен эки бутун эки жакка керип, жалгыз дамбалчан калтырып, отко кактап атышыптыр. Жетип барып, атамды кармап турган алп далы кишиге асылдым.

 

— Акелер! Айланайын, акелер! Атамды коё бергиле! Коё бергиле!

— Мени аябасаңар да, ушу баланы аягыла! – деди атам көзү чанагынан чыгып. Өңү алээттен кетип, оозу акактап, оттон качып, жаналекетке түшүп, туйлап атыптыр. Атабай бай те ыраакта табасы канып карап турат.

— О, кудайы жок кул! Кудайды аябаган сен, баланы аяйсыңбы!

А мен чырылдап жалынам.

— Аке… акелер дейм! Кое бергиле атамы! Акеле-еep!..

Ыйымды эч ким укпады. Кимдир бирөө зор чеңгели менен желкемден чапчып туруп, ыргытты эле аңкилдек атып барып, тешик дарбазанын жанына талп дей түштүм. Бир маалда эсиме келсем атам экөөбүз ошерде жатыптырбыз. Атамдын териси ылжырап күйүптүр. Ушундан кийин, башканы айтпайлы жакын туугандар да атамдан качып калышты. Ошондо ага бу дүйнө тар болуп, ого бетер ичи эңшерилди. Бир күнү атам аябай мүңкүрөп:

— Буерден кетебиз, уулум!

— Каякка?

— Жердин түбү эле Төлөйкөн дейсиңби, жер кеңири…

Керектуү буюмдарыбызды гана алып, ээрчишип жолго чыктык. Айылдын этегине келгенде атам:

— Кош, Төлөйкөн! — деп, колу менен тескери бата берди да, мени колумдан алып, жолго чыкты.

 

Жол… Төгөрек суз тартып, төбөдө кара булут самсыйт. А биз басчу жол нары узак, нары алыс сыяктанат. Же айыл кезикпейт, же жол арбыбайт. Келатабыз, келатабыз. Же адам учурабайт, же айыл кезикпейт, же жол арбыбайт.

 

— Ата, чарчадым…

Атам мени куржунунун бир көзүнө салып, ийинине илип алды. Куржундун экинчи көзүндө, атамдын усталык аспаптары, оромолго алтындай бек түйүлгөн биртке нан. Атамдын арткы ийининде термелип баратып, төгөрөктү арыта тиктейм. Төбөдө түнөргөн булут, төгөрөгүбуз такыр талаа, жолубуз али алыс болгону менен, мага ошол учурда ошо дүйнө, ошо өмур кандай

ыраат сезилгенин азыр айтып беруү кыйын. Кээде уйкусурап, кээде мулуңдап, атамдын желке чачын сылай эркелеп келем. А атам болсо, элиргенден эмес, эриккенден же чарчап-чаалыгып эзилгенден го, өзүнүн көңүлүн өзү кетөрөйүн дейби, көмөкөйүнөн өктөө айтып, ырдамыш болот.

 

… Аргымак аттын ээ азганы-а,

аркы да, терки-ов басканы-а,

Азамат эрдин ээ азганы- а,

көчкөндө же-өв басканы-а.

 

— Ата!

— А?

— Нан…

— Ошко жете баралы, уулум… нанды ошерде…

Атам кайра өктөө үн салат.

 

…Аргымак байлап ээ, не керек-а,

артынан кувгун-ов жеткен соң-а,

Агайын-тууган ээ, не керек-а,

аңдышып а кундө-ов өткөн соң-а.

 

— Э, Гапа!

— Име?

— Түшүп басасыңбы?

Шык этип ынабайм. Атам андан ары шылкыйып жолун улайт. Төбөдө кара булут, таманыбызда такыр талаа…

 

(Уландысы бар…)

#Маркумдар_үнү

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button