КоомСпорт

Казак улакчыларына 1-ноябрга Ысык-Көлгө чакыруу жөнөтүлдү

Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынынпрезиденти Рамис Жунусалиев билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн аталган федерация жетекчилиги Астанада өткөн Көчмөндөр оюнунан кийин маалымат жыйын өткөрдү.
Жунусалиевдин айтымында, беттеш ынтымак оюну болуп, керек болсо күйөрмандар жок өткөрүлүшү ыктымал. Бул коопсуздук үчүн кабыл алынган чечим экени белгиленди.
«Көкпар федерациясы менен эки жылда көптөгөн жолугушуу өткөрүп, пландар түзүлгөн. Жаралган кырдаалга федерацияны күнөөлүү деп эсептебейбиз. Бул жерде калыстардан, айрым оюнчу, балким машыктыруучулар ката кетирип койду. Анткен менен биз Көкпар федерациясы менен кызматташууга даярбыз. Бүгүн 1-ноябрда Ысык-Көлдө «Биримдик кубогун» өткөрөлү деп чакыруу жөнөттүк. Шарты боюнча Көчмөндөр оюндарынын финалына чыккан команда ошол курам менен келиши керек», — деди Жунусалиев.
Ошондой эле бир оюн үчүн эки элдин алакасына жарака кетирип алуудан этият болуу зарылдыгын кошумчалады.
Эске салсак, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн көкпардын финалы Казакстандын курама командасынын жеңиши менен аяктаган. Бирок оюн чуу менен коштолуп, социалдык тармактарда оюнду тейлеген калыстын калпыс иши белгиленген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button