КоомКылмыш-кырсык

УКМК: Чүй облусундагы колбаса азыктарын өндүрүүчү ишкана мамлекеттин балансына кайтарылды. Видео

УКМК тарабынан мурда мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик объекттерди табуу жана кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Чүй облусунун Кемин районунун аймагында базар баасы 119 млн. 937 миң сомду түзгөн, мурда касапкана жана колбаса чыгаруучу ишкана болуп саналган курулуштары бар аймак аныкталып, мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Аталган объектти 1995-жылы айрым кызмат адамдары жеке менчикке алып, бүгүнкү күнгө чейин өз кызыкчылыгына пайдаланып келгени аныкталган.
Учурда КР УКМК мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештирүү фактыларын аныктоо боюнча иштерди улантууда.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button