ДүйнөКоом

Конок бөлмөдө каза болгон улгайган аял эки жылдан кийин гана табылган

Италиянын Маринелла Беретта аттуу жараны түнт жана обочолонгон жашоону жактырчу, кийин ал эл көзүнө көрүнбөй калганда жанындагы кошуналары башка жакка кетти деп ойлошкон.

Бирок, арадан  эки жыл өткөндө гана  70 жаштагы айымдын кошуналары тынчсыздана башташкан. Маринелланын  бакчасында бак кулап, эл кооптуу абалды сезип, бийликке кайрылышкан. Келген өрт өчүрүүчүлөр дарактан да олуттуу көйгөйгө туш болушкан, анткени үйдөн үй ээсинин сөөгүн табышкан. Улгайган аял конок бөлмөсүндө отургучта отурган боюнча жан берген, кийин медициналык экспертиза анын болжол менен эки жыл мурун каза болгонун тастыктаган.

Акыркы сапарга узатуу зыйнатына бардык шаардыктар катышып, кошуналары кайдыгер болгондорун моюнга алышкан.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button