Блогер блокКоомМаданият

Маркумдар үнү (Биринчи бөлүм — 2)

МАРКУМДАР ҮНҮ – КӨЧКӨН САКТАНОВ

БИРИНЧИ БӨЛҮМ – 2

(Башы мурдагы сандарда)

— Мына, Ошко келдик, — деди атам.

— Жердин түбү ушердеби?

— Жердин түбү жок…

— Кантип? Оронун түбү болот, чаканын түбү болот, а жердин түбү болбойбу?

— Болбойт…

— Түбү жок, тешик болсо, анда биз түшүп кетпейбизби?

— Түшүп басчы, көп сүйлөбөй…

Бала да болсом атамды аядым окшойт, түшүп бастым. Бутумда эч нерсе жок. Өмүрү бут кийим көрбөгөн чор тамандарым жол жээгиндеги чөңөр түгүл, таштарды жапыра басып, эч кыйналбай келем. Майда дүкөндөрдү, чайканаларды, устаканаларды таңыркай тиктейм. Биздин Төлөйкөндө, үйдүн алдынан керели-кечке бир киши өтсө өтөр, өтпөсө жок, а буерде эшек минген ала чапанчан, ат минген ак калпакчан кишилер утуру учурай калат. Короолору коргон менен тосулган, бири-бирине чиркешкен көп үйлөр. Атам чоң суунун боюндагы чай ичип отурушкан топ кишилердин жанына келип, мени жыгач сөөрүгө отургузду.

— Азыр чай ичебиз.

— Буер чайканабы?

— Чайкана. А бу суу айтылуу – Ак-Буура.

Кандай сонун жер. Салкын, таза. Жаным жер тартып барат. Аңгыча:

— Эй, чон калпак! — деди кимдир бирөө.

Атам эми эле оозуна алып бараткан колундагы чайын ууртабай токтоп, үн  чыккан жакка бурулду. Өзүн мартабалуу сезген бейтааныш адам жаныбызга келди, куржундун экинчи көзүндөгү аспаптарга көзү түшүп:

— Сен эмне, устасыңбы? -деди.

Атам баш ийкеди.

— А мунуң ким?, Жардамчыңбы?

Атам мени тиктей жылмайды.

— Ооба, жардамчым…

— Кеттик!..

Издетпей өзү табылган ишке атам мулуңдай сүйүнүп, оозундагы нанын күрмөп-күрмөбөй куржунун ийнине салып, мени колумдан жетелеп, тиги курсагы ток, мартабалуу кишини ээрчип жөнөдү. Киши бизди бийиктен, келекелеп, кемсинтип тиктегенсийт. Тез эле жалпак үйдүн чоң короосуна келип токтодук. Мартабалуу киши атама түз эле буйрук этти.

— Бүгүн ылай ачытасың… Тигине, кетмен! Тигине, саман…

Атам чоң түп өрүктүн түбүнө жаман күрмөсүн чечип мени отургузуп, өзү шымын тизесине дейре түрүп ишке кирди. Бакасы эми гана көтөрүлө баштаган үйдүн жанында атам кечке иштеди. Кечинде кожоюндун аялы атам экөөбүзгө эки кесе шорпо, эки сындырым нан жана бир кесим эт алып келип берди. Бу атамдын кечке ылай кечип иштеген эмгек акысы экен. Ал күнү кожоюндун короосунда түнөп калдык. Эртеси мен турам деп эле такыр туралбайм. Тизем титиреп, бутум чалыштап эле кадам шилтей албай отуруп калам. Атам чочуп кетти.

— Ой, сага эмне болду?

Көрсө көптөн бери кадыресе адамдай ысык тамак ичпей, аябай көк шилти жүргөнүмө жаш козунун ысык шорпосу муунума түшүп кеткен имиш. Кожоюндун аялы дагы бир кесе жылытма шорпо апкелди эле, ичээрим менен эле чуркап кеттим.

Мына ушинтип ар кимге мандикер жүрүп, эптеп карынды тойгузуп, ар жерде конуп-түнөп жашап жүрө бергидейбиз, бирок бир күнү атамдын бырыш чекеси ого бетер бырышып, жылдызы түшүп:

— Э, Гапарали, бу да болбогур оокат экен, — деди. – Тагаларыма барып, туруктуу түтүн булатпасак болбойт окшойт. Күнүмдүк тамагын ит да табат…

Ошонун эртеси эле атамдын тагалары жашаган Жоро кыштагына жөнөп кеттик. Кайрадан үстүбүздө кара булут, алдыбызда такыр талаа, узак жол. Бул ирет куржундун көзүндө эмес, атама караан, атама дем болуп жанында дикилдеп келем. Мындан бир ай мурун, баягы Төлөйкөндөн чыккан күнү жетим козудай сенделип, арыктыгымдан кабыргаларым көрүнүп, басалбай куржундун бир көзүндө, атамдын ийнинде келсем, азыр андай эмес, өзүм менен дымактуу келем. А атам баягысындай эле шалпы бош, шылкыйыңкы. Элиргенден эмес, көңүлү эзилгенденби, ээн жолдо адатынча кайрадан көмөкөй толгоп үн салат.

 

Бирөөгө кең ээ бирөвгө-а,

Тар экенсиң-ов замава-а.

Бирөвгө жок ээ бирөвгө-а,

Бар экенсиң-ов заман-а.

 

— Э, Гапа!

— Име?

— Бас, жете бас!

 

…Бирөөгө жок ээ бирөвго-а

Бар экенсиң-ов заман-а!..

 

— Ата!

— А!

— Өткөнде мен ылайдан ат жасадым, көрдүңбү?

— Көрдүм.

— Окшошобу?

— Окшомок турсун, тим эле кишенеп ийчүдөй болуп турган.

— Чоңойгондо чо-оң ат жасайм, анан сен минтип жөө жүрбөй минип аласың.

— Ниетиңден сенин, ниетиңден…

— Ата, кардым…

— Азыр, уулум… «Эшендер мааласи» деген кыштак бар, ошерден…

Кыштагы «Эшендер мааласи» Оштой эмес экен. Күнүмдүк карын тойгузмакка иш табылбады. Ачкабыз. Эрте жаз эле. Тыт эрте бышат. Оозубуздан кара шилекейди келтиргенине карабай, тыт жедик. Күн кеч кирип кетти. Атам мени зор тыттын түбүнө отургузуп коюп, кайдан-жайдан картөшкө алып келди. Чамасы уурдап келди го. Атам алтын таап келгенсип мулуңдап:

— Картөшкө бышырып, бир карынды тойгузалы, — деди.

Караңгыда жаш картөшкөнү көсөлөп жеп, тыттын түбүндө, ачык асман алдында калдык. Төбөдө жылдыздар шыгырайт. Жылдыздар, жылдыздар!.. Аларды көргөндө негедир ышкым козголот, көңүлүм ачылат. Эмне үчүн жылдыздар түнү гана көрүнүп, күндүзү көрүнбөйт? Атамдан сурасам:

— Э, Гапар, булар да мага окшоп күндүзү иштейт, ошон үчүн көрүнбөйт, — деди. Иштеген киши күндүзү көрүнбөйт…

Эртеси чоң түп тыт менен коштошуп, андан ары жол алдык. Узап баратканыбызда:

— Кийин чоңоюп, ары-бери өткөнүңдө ушул тытка ийилип, салам айта жүр, — деди атам.

— Име үчүн?

— Бизди бир түнөттү. Жаман-жакшыдан сактады. Дегеле биздин элде «Бир түнөгөн жерине, миң ирет салам айта жүр дейт» — деди…

Кечке маал Жоро кыштагына жете келдик. Жолдо келатканда атам «Эрмат үкөм тагаларын карамалап ушу жерде жашайт, ошонукуна барабыз» деген эле. Ошонукуна келдик. Үйлөнүп, ал да бала-чакалуу, ошердеги эле бир байга мандикер жүрөт экен. Кой союп тосуп албаса да, бизди жайдары каршы алды. Анын да атамкына окшоп шалпы бош, көздөрү муңдуу…

Ошентип, атамдын тагалары бирөө таштап кеткен, чалдыбары чыккан жаман тамын сурап берди, биз ошондо туруп калдык. А атам күнүнө айыл кыдырып, иш таппай келет. Жегенибиз тыт, картөшкө, кайнатылган суу. Бир күнү атам:

— Гапарбай, сен аябай семирип кеттиң, — деди мени таңдана карай сүйүнүп. Мен да атамды кубана карап:

— Сен да ата, аябай семирип кеттиң, — дедим.

Көрсө, семирбей эле экөөбүздүн тең суугубуз артып шишип кетипбиз.

Ошо жылы элди кайрадан ачарчылык басты, эптеп-септеп жан багып, тирүүбүз деп бу дүйнөгө көз көрсөтүп жүргөн бизди ачарчылык ого бетер алсыратты. Элдин жилкини сууп, чекеси курушуп, төгөрөктөн ырдап-чоордогон шатыра-шатман үн угулбайт, керүнбөйт. Жымжырт. Тегерек кандай түнөрсө, бизге окшогон жарды-жалчылардын өңү да так ошондой. Эл-жерден куулган биз бу кумсарган куу турмушка айласыз көндүк, көнбөскө айла да жок эле, анткени, атамдын жан тартып бара турган башка туугандары жок болучу. Атам бир күнү, бир жерден эптеп мандикерлик иш тапты, үйгө сүйүнүп келди, атамдын шоруна жазылганбы бу дүйнө, ал сүйүнүп келген күнү мен ооруп калдым. Сарык менен эки ай жатып айыктым. Мүлжүйгөн коңшу молдонун айтуусунда, оорудан ачкалыктан айыгыпмын.

Көп узабай атам ошерден биртке жер алды. Эл катарына кошулганына мулуңдай сүйүнүп, кетменин ийнине илип, эртелеп жерине кетет. А мен атама женилдик кылайын деп, кардым ачканын билгизбей, өтө эле өзөрүп баратканымда байлардын тоогунун жумурткасын уурдап келем. Аны жеңем (Эрматтын аялы) мага бышырып берип, кабыгын жерге көмүп коёт. Кичине кардым тойсо эле оюнга алаксыйм. Жергиликтүү балдарга кошулбайм. Өзүм менен өзүм болуп, жетим сыяктуу жалгыз ойнойм. Сүрөттүү шапалактай жомок китепти көрүп калган элем, ошондон уламбы жерге дубалдын бооруна, а түгүл очоктун боюна сүрөт тартам, сүрөт тартпасам колум кычышып турат. Атам карап туруп:

— Э-э, уулум ушу да өнөрбү… Андан көрө эмитен кетмен чаап, орок орушту үйрөн,- дейт.

А күндөр болсо өтө берди. Күн менен түн, түн менен күн алмашып, кээде нөшөрлөп, а кээде күнү бою себелеп жадатма ак жаан жаайт. Ошондо, ансыз эле көңүлү чөгөт болуп жүргөн атамдын көңүлү ого бетер чөгө түшөбү, айрыкча жатаар алдында жаман очоктун боюнда отуруп, бу түбү тешик дүйнө, өмүр жөнүндө көмөкөйү түтөп өктөө айтат. «Ыраматылык апаң» деп аны эскерип, бүткүл жаштыгы, бүткүл өмүрү аны менен биротоло жер алдына кеткенсип, эми андай өмүр ага экинчи келбес сыяктуу муңканып, кусалуу сүйлөйт. Мен али бала, акылым чала да, апамды акырындап унута баштадым окшойт, а атам анте албады, тескерисинче барган сайын кайрадан көбүрөөк эстей баштады.

Көп узабай атам экөөбүз бир учурда безгек оорусуна чалдыктык. Кечке маал калтырап-титирей баштачубуз. Ушундан улам кечкиге тезек, отун даярдап, ошол убак-саатты күтүп турчубуз. Бир кызыгы оору биз күткөн учурда башталчу. Кудайдын бизде өчү бардай, бир кырсыктан кутулсак, экинчисин даярдап тургандай сезилчү, бирок айла жок чыдайт экенсиң, чыдабай өлүп кала албайт экенсиң. Акыры безгекти да жеңдик. Мен ансыз эле аябай арык, түктүү сары бала элем, бу оорудан кийин, ичим чердейип, көздөрүм муңдуу алайып, ого бетер арыктай түштүм. Оорукчалдыгыбызды жана жардылыгыбызды атам ар кимге эле айта берчу эмес.

Ошо жылы күзгө маал бир эшектүү болдук. Атам эшегин токуп ишке баратканда, мен быякта туруп, кудай анын алдына тобурчак ат тарткандай эле сүйүнүп карачумун. Атам мени жалгыз зерикпесин дедиби, бир күнү мага кичинекей кара күчүк алып келип:

— Уулум, чарчаганыңда мынабул күчүктү кучактап жатып жүрсөң үшүбөйсүң, — деди.

Чын эле күчүк менен жатып жүрдүм. Жүнү кундуздукундай кара болгондуктан атын Кундуз коюп алдык. Ошентип, эрмегим да, жолдошум да, жылуу төшөгүм да Кундуз болуп калды. Мурун үтүрөйгөн жаман там ичинде, айрыкча кечинде атам экөөбүз очок боюнда сүзүшүп, жымжырт отуруп калсак, эми короодо эшек аңкылдап, бурч-бурчта күчүк борсулдап, биздин үй, биздин жашоо көңүлдүү боло түшкөнсүдү, шаңдуу боло түшкөнсүдү. Айрыкча Кундуз экөөбүз өтө жакын болуп кеттик. Экөөбүз тең чуркаганды, сырая сулап күнгө кактанганды, борсулдап үргөндү жана күлгөндү жакшы көрөбүз. Мага караганда күчүгүм оюнсаак, эрке, а мен андай эмесмин. Ал борсулдап үрсө, мен борсулдап күлө албайм…

Барган сайын атамды аячу болдум. Керели кечке жан үрөп иштеп, бир күндүк, көп эле болсо эки күндүк тамагыбызды араң таап келет. Ошон үчүн, балалыкты коюп, белди бекем бууп, атама жардамдашууну чечтим. Сопу деген айылда Кушкана деген жер бар эле. Ал жерде мал союлчу. Мал союлган жерде карга-кузгун көп болгондуктан аер «Кушкана» аталып кетиптир. Бир күнү колума чака алып, ошо жерге бардым.

Жаңы союлган малдын канын иттер менен талашып чакага куюп атсам, жеңин билегине чейин түргөн сокубаш киши:

— Эй, бала, кимдин уулусуң? – деди.

— Айтинин…

— А-а… Тиги томояк Айтининби?

— Томаяк эмеспиз.

— Томаяк болбосоңор иттер менен кан талашайт элең да!

— Канды мен күчүгүмө берем!

Ал бу сөзүмө ишенди. Мен апкелген канга атам кечинде, чөп кошуп кууруп, экөөбүз аябай тамшанып жедик. Атам жетине албай, далымдан таптап:

— Адам болот деген эле ушу, — деди.

Ушундан кийин кушканага тез-тез барып жүрдүм, күчүк да, өзүбүз да тоюнуп, атамдын тапканын биртке болсо да үнөмдөчү болдук, бирок атам жарды болгону менен аябай намскөй эле.Бир күнү:

— Кой, уулум.. Кушканага барып, экинчи иттер менен кан талашпа, — деди.

Жоро айылында шалы айдала турган. Кушканага жолум жабылган соң, ошерге мандикер болуп иштей баштадым. Балдар менен күнүнө шалы отоп, өзүмдү өзүм бага баштадым. Шалы сууга өсөт. Кечке сууда жүрөм. Шалы ичи — сүлүк, бака. Сүлүк ач кенедей жабышат. Кээде каратып туруп эле биртке канымды сүлүккө сордуруп ием. Кайрадан суугум ашып, жүдөп кеттим. Анын үстүнө айылдык балдар мени жатсынтат. Буту-башы тартайган, оозу калбыгый кара бала биринчи күндөн эле мени бийлеп алды.

— Эй, сары быштак, тигини алып бер мага!

Теңелбейм. Сураганын унчукпай алып берем. Мен анткен сайын ыраазы болбой, кайра басмырлап, ого бетер кул катары жумшап алды. Бир ирет ылай колдорун жогору көтөрүп, куйругунан шыпырылайын деп калган жаман ыштанын мага көзү менен көрсөтүп:

— Эй, сары музоо, ыштанымды жогору көтөрүп, ычкырымды байлап берчи!- деди.

Бул ирет буйругун укпадым. Укпамыш болуп шалыны отой бердим.

— Эй, быштак!

— Имне?

— Атаңдын чокусу! Байлап бер деп атам!

— Өзуң байлап ал…Опе-е-ей! Бу быштак көөп калган го! Ө-ай!

— Имне!

— Бол деп атам!

— Болбойм…

— Анда өлдүм дей бер!

Жүрөгүм чын эле өлүп калган экен, дароо качып жөнөдүм. Шалы аңызынын четине чыга бергенде, тигил артымдан жете келип, шыйрактан шак алып жыкты, басып алып тизелеп, муунта баштады. Ушул учурда мени кара тутуп, ошол оро-парада сырактап жүргөн Кундуз чуркап келип, аны так куйруктан тиштеп, ырылдай басып жыгылды. Тигил бакырып, дароо үстүмдөн оонап түштү. Шалы аңызындагы балдар бизди көздөй чуркады. Кундуз экөөбүз үйгө качып баса бердик. Ала көлөкө түшүп, кеч кирип бараткан эле. Атам уйдө экен.

— Имне болду? – деп мени шектүү тиктей калды.

— Эч нерсе…

Аңгыча калбык ооздун энеси чарылдай жулунуп короого кирип келди.

— Э, неме! Айти белең, кокуй! Балаң менен куруп кал! Итиң менен куруп кал, кокуй!

— О, кыйкырбаңчы… Имне болду?

— Имне болсун!.. Баламдын куйругун итиң буякка эле жулуп үзүп алыптыр, кокуй!

Аялына удаа, калбык ооздун атасы жетип келди. Колунда мылтык. Мылтыгын шарак-шурак октоп, Кундузга бурулуп, жанында турган мени:

— Кач ары! — деди.

Чырылдай барып, мылтыгына асылдым.

— Акебай, атпаңыз!.. Акебай, ата көрбөңүз! Балаңыз мага өзү тийишти, акебай!

— Ка-ач ары!

Карай салсам, көзүндө каар менен жалын. Атам жаныбызга жетип келди.

— Кой эми, үкө! Бир ачууңду мага бер, үкө. Бала деген бала… Ит деген ит, эми ушу балдар менен итке теңелелиби. Тиштесе, айыгат.

Тигил мылтыгы менен сес бере атама кыжынды.

— Тур ары! Тентиген ит!..

Бул учурда Кундузду мен үйгө алып кирип кеттим. Короого көп кишилер чогулуп, бир топко дейре бака-шака түшүп атып, бир маалда араң тарашты. Атам аябай жылдызы түшүп, үйгө кирди. «Тентиген ит» деген сөз оңойбу? Бул сөз атама эле эмес, мага да аябай катуу тийди.

— Сен да оңой эмессин! – деди мага кыжынып.

— Өзү тийишти. Мен тийишкен жокмун.

— Тийишпегениң менен кежирсиң!.. Мен билем го… ыраматылык апаңда да, менде да жок эле кежирлик, а сен кежирсин!

— Айттым го, өзү тийишти деп…

— Кежир кишиге адамдар өзү тийишет. Бирөөнүн эли, бирөөнүн жери, байла десе ычкырын байлап эле койбойсуңбу!

Эриндеримди тиштене солуктап:

— Байлабайм! – дедим.

Атам түтөй түшүп, жаман бостекке сулады. Анан бир аздан кийин саал жоошуп:

— Айтты дээрсиң… аман жүрсөң бу кежирлигиң өз башыңа көп ирет тиет, — деди.

Эмнегедир ушул учурда апам эсиме түшүп, ушундан улам буулуга бурулдап ыйлап ийдим. Баягыда Төлөйкөндөгү төөнүн этинен улам болгон чатакта да атам мени ушинтип «кежир» атаган эле. Ошо чатактан улам Төлөйкөндөн кеттик эле. Эми буерде да менден улам чатак, эми буерден кетип кайда барабыз? Ушуну ойлоп ыйладым. Бирок ата деген ата да. Мени аяды. Жаман күпөйкөсүн жаба далымдан таптап:

— Кой эми Гапа… — деди. -Уктай кой… Имне кылабыз… тагдырыбыз ушу экен…

Атамдын колтугунда мемиреп барам. Сырттан Кундуздун борсулдаган үнү угулат. Ал бизди аяп, бизди түшүнүп, бизди жамандыктан сактап, жан-алы калбай жаман үйдү тегерене үрүп, сырактап жүргөнсүйт. Анын үнү мага эш болуп, дем берип, ушундан улам көңүлүм тынчып, мемиреп барам. Аны аттырбай бейкүнөө ажалдан алып калганыма, сактап калганыма өзүмчө аябай сүйүнөм…

Бирок, бу сүйүнчүм көпкө узабады. Бир жума өтпөй Кундуз кыңшылай кыйналып, короодо сулк жатты. Атам ага аябай кейий эңкейип:

— Мал болбойт эми. – деди.

Мал болбойт дегени эмнеси? Мен деле сарыктан, безгектен ооруп айыкпадымбы! Кундуз деле ошентип айыгат. Ооба, айыгат. Айыгат, айыгат! Ооба, айыгат!

— Мал болбойт дегениң имне ыя, ата?

— Тиги акмактар нанга ийне кошуп жедирип коюптур.

— Эми имне болот?

— Өлөт…

— Имне-е?..

Атам, ошондой дегендей айтканын бул ирет үнсүз ырастап, эшегин салбырай минип, кайдадыр жөнөп кетти.

Өлөбү? Мен чакчая сенейип, Кундуздун жанында каттым да калдым. Мен аны, ал мени тиктейт, жалдырайт.

— Кундуз…

Ал алсыз кыңшылап, алдыңкы бутун мага бермек болду, бирок бере албады, алы келбеди. Же бир кулагы шалпайып, үнү чыкпай дым болуп калды.

— Кунду-ууз!..

Бутунан тарткыласам, эми эле тирүү жаткан ал өлүп калыптыр, бирок көздөрү ачык, а ачык көздөрүндө мөлтүр жаш…

— Ата-а-аа!..

Оозума эмнегедир ушу сөз кириптир. Атам жок эле үйдө. Бир ордумда туралбай, денем туйлап, буулугуп кеттим. Кайдадыр чуркап жөнөдүм. Бу дүйнөдө  азырынча мага жакын, мени менен борсулдап ойноп, бирге чуркап, көк чөпкө бирге сырая сулаган жакын жолдошум жалгыз гана ушу Кундуз эмес беле? Эми ал жок! Жок, жок, жо-ок эми!

Кайдадыр чуркап баратам. Кайда баратам, кимге баратам, билбейм? Көкүрөгүмдө муң, көзүмдө жаш…

(Уландысы бар)

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button