ДүйнөКоом

Ливанда пейджерлердин массалык жарылуусунан 2 миңден ашык адам жабыркады

Ливанда пейджерлер жарылып, 2 миңден ашык киши жабыркап, сегиз адам көз жумганын РИА Новости жазды.
Жабыркагандардын арасында Ирандын Ливандагы элчиси Моджтаба Амани бар. ЖМКлар Бейрут, Сайда жана Тирадагы ооруканалар жарадарларга толуп калганын жазышты.
Al Jazeera маалымдагандай, аппараттарды жардыруу Израилдин атайын кызматтарынын операциясынын натыйжасы болушу ыктымал.
Буга чейин «Хезболла» тобунун лидери Израиль менен чектеш аймактардагыларды смартфон колдонбой турууга чакырган. Анын айтымында, Израиль армиясы жабдууларды бузуп кирүүгө мүмкүндүк берген технологияга ээ.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button