КоомКылмыш-кырсык

УКМК: Баткен облусундагы аткезчиликке каршы күрөш уланууда

УКМК Баткен облусунун аймагында аткезчилик менен күрөшүү боюнча ыкчам-иликтөө жана тергөө иш-чараларын улантууда.

Алсак, 2024-жылдын сентябрь айында КР УКМК кызматкерлери Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери менен биргеликте Лейлек районунун аймагында төмөнкүлөрдү кармашкан:
— 2024-жылдын 3-сентябрында 2015-жылы чыгарылган, мамлекеттик номуру жок “BMW 320i” үлгүсүндөгү унаа коңшу тараптан Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз аткезчилик жолу менен алынып келинген;
— 2024-жылдын 14-сентябрында «Хундай-портер» маркасындагы жасалма номердик белгиси бар авто транспорт каражаты менен 1994-жылы туулган КР жараны, Лейлек районунун Жаңы-Жер а/а Достук айылынын тургуну Б.М.Э., КРга чектеш тарапта өстүрүлгөн жүзүмдү 4 тоннадан ашык өлчөмдө мыйзамсыз ташыган;
— 2024-жылдын 14-сентябрында 3 даана “Hyundai Porter” үлгүсүндөгү унаалар, биринде чектеш тараптын жасалма номуру тагылган, 2 унаа Кыргызстандын номуру менен. Текшерүүнүн жүрүшүндө автотранспорт каражаттарынан мыйзамсыз түрдө Кыргыз Республикасына алынып келинген, жалпы салмагы 13500 кг болгон колдонулган аккумуляторлор табылган;
— 2024-жылдын 15-сентябрында 1994-жылы туулган КР жараны К.Н.Н.нын башкаруусундагы “Мерседес Спринтер” үлгүсүндөгү унаа. Автоунаанын жүк бөлүгүнөн эч кандай коштоочу документтери жок 2850 кг- уйдун фаршы жана 360 кг- тооктун фаршы табылган;
— 2024-жылдын 15-сентябрында КР жараны 1993 – жылы туулган Т.У.М. башкарып бара жаткан «Мерседес-спринтер» үлгүсүндөгү авто транспорт каражатында: электр лампалары – 7240 даана; электр мештери – 10 даана; кондиционер — 6 даана; шампунь, кир жуучу каражат (порошок), белизна — 1650 даанадан ашык эч кандай коштоочу документтери жок табылган;
— 2024-жылдын 15-сентябрында 1993-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны А.О.Д. башкарып бара жаткан “Мерседес-Спринтер” үлгүсүндөгү унаанын жүк бөлүгүн текшерүү учурунда эч кандай коштоочу документтери жок (2200 кг ашык) жүзүм табылган.
Аталган фактылар электрондук маалыматтык журналга катталып, иштин бардык жагдайларын жана ага тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
КР УКМК коңшу мамлекеттер менен мамлекеттик чек ара аркылуу аткезчилик кылгандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button