Коом
Бишкекке жакын жерде улуттук колориттеги эс алуу жайы курулат
Аламүдүн районуна караштуу Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн аймагына улуттук колориттеги эс алуу жайы курулат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын архитекторлору тарабынан Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн №8 контурунан 0,30 га аянт эс алуу аймагын курууга бөлүнүүдө.
Учурда аталган долбоор жергиликтүү органдарга сунушталды.