КоомКылмыш-кырсык

УКМК: Кара-Көл шаарынын мурдагы мэри кармалды

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктунда (ишенип берилген мүлктү өзгөчө ири өлчөмдө ыйгарып алуу жана коротуу) каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Кара-Көл шаарынын экс-мэри Е.И.М. кармалды.

Тактап айтканда, Кара-Көл шаарынын мэриясынын кызмат адамдары кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Токтогул районунун Үч-Терек айылынан Кара-Көл шаарынын Кетмен-Төбө айылына чейин узундугу 10 чакырымдан ашык суу түтүк тармагын куруу боюнча «К.Б.» ЖЧКсы менен атайылап пайдасыз келишим түзгөндүгү аныкталды.

Анын натыйжасында мурда болгон суу түтүктөрү демонтаждалып, сатылып кетип, ал эми жаңы тармакты куруу боюнча иштер сапатсыз аткарылган. Буга байланыштуу түтүк өткөргүчтөр пайдаланууга жараксыз болуп, Кетмен-Төбө айылынын тургундары 10 жылдан ашык убакыттан бери ичүүчү таза суу менен камсыздалбай келишкен.

Мындан тышкары, E.И.M. Кара-Көл шаарынын мэри болуп иштеп турганда мыйзамсыз жол менен алынган мүлктү легалдаштырган деп шектелүүдө.

Учурда УКМК тарабынан кылмышка тиешеси бар башка адамдарды жана келтирилген зыянды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button