Коом

Нарын шаарындагы 300 гектар жерге экошаарча курулат

Нарын шаарын кеңейтүү максатында Кара-Бүк участкасындагы 300 гектар жерге заманбап «Нарын-Ордо» аталышындагы экошаарча курулат. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Маалымат 17-сентябрда өткөн Нарын шаарынын күнүнө карата «Ала-Тоо» стадионунда чоң майрамдык иш-чарада айтылган.
Өкүлчүлүк тараткан билдирүүдө учурда долбоорлоо иштери жүрүп жатканы, бул Кыргызстандагы мегадолбоорлордун бири болору белгиленди.
«Мындан тышкары, «Нарын-Реновация» долбоору ишке ашырыла баштаганы маалым болду. Анын алкагында шаарга 9 кабаттуу ипотекалык турак жай курулуп, Ленин көчөсү оңдолуп, кеңейтиле баштады. Буга кошумча, бир айдын ичинде «Теңир-Тоо сити» бизнес-комплекси салына баштайт. Инвестициянын көлөмү 20 миллион доллардан ашуун», — деп айтылат кабарда.
Эскерте кетсек, Нарын шаары 1868-жылы негизделип, алгач Жети-Суудан Кашкарга кетчү соода жолундагы кыргыздардын аскер чеби катары түптөлгөн. Акырындык менен Нарын дарыясынын жээгине алгачкы турак жайлар түшүп, калктуу конуштар ɵсɵ баштаган.
1939-жылы Нарын шаарына Нарын облусунун борбору статусу берилип, шаарчанын негизги планы иштелип чыккан.
Ал эми 2004-жылы Нарын калаасына облустук маанидеги шаар статусу ыйгарылган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button