Коом
Москвадагы көргөзмөдө 15 кыргыз компаниясы катышып жатат
Кыргыз азык-түлүктөрү Москва шаарында өтүп жаткан World Food Moscow эл аралык көргөзмөсүнө чыгарылды. Бул тууралуу Россиядагы элчиликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган иш-чара 17-сентябрда башталган, 20-сентябрга чейин уланат.
Көргөзмөгө экспортко багыт алган 15 кыргыз компаниясы катышып жатканы белгиленди. Анын жүрүшүндө экспортту өрчүтүү максатында ишкерлер жана россиялык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуулар уюштурулганы кошумчаланды.