Коом

Кыргызстанда «Бурана – Баласагын» этношаары салынат

Бул тууралуу маданият министри Алтынбек Максутов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, шаар байыркы заманды чагылдырган тарыхый-архитектуралык музей-комплекс болот.
«Бул — чоң долбоор. Этношаарды салууга азыр ылайыктуу 10 гектар жер издеп жатабыз. Жер шаарга чукул болсун деп Бишкектин чекесинен эле каралууда. Аны салууга 30 миллион доллардан 50 миллион долларга чейин каражат сарпталат. Ичинде ар улуттун ашканасы, ресторан, эс алуу жайлары да жайгашат. Долбоор боюнча абдан кооз шаар болот», — деди Максутов.
Ал белгилегендей, «Бурана – Баласагын» шаарынын долбоору толугу менен даярдалып бүткөн. 3D форматы дагы бар.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button