КоомКылмыш-кырсык

УКМК: Сокулук районундагы Гаврилов мектебинин имараты мамлекетке кайтарылды

УКМК тарабынан текшерүү иш-чараларынын натыйжасында Чүй облусунун Сокулук районунда жайгашкан Гаврилов мектебинин жанаша жайгашкан жалпы аянты 18060,0 чарчы метр имараты мамлекеттин балансына кайтарылды.

Такталгандай, 1992-жылы мектепти Шопоков атындагы айыл чарба кооперативи мыйзамсыз менчиктештирип алганын билдирген. Аталган кооператив 2006-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлиги менен 12 миллион 500 миң сомго мектепти сатып алуу-сатуу келишимин түзүп, бирок билим берүү министерствосу көрсөтүлгөн сумманы кооперативдин эсебине которгондон болсо дагы мектептин имараты ушул кезге чейин мамлекеттин менчигине кайтарылган эмес.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында мектептин сметалык баасы 255 млн 649 миң сомду түзгөн мектептин имараты мамлекеттин балансына кайтарылды.
КР УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерди аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча иштерди улантууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button