Коом

«Мейкин» сыйлыгына сынакка катышууга арыздарды кабыл алуу уланууда

Президент Садыр Жапаровдун «Кыргызстандын президентинин медиа жана журналистика жаатында жыл сайын ыйгарылуучу «Мейкин» сый акысын уюштуруу жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу максатында медиа жана журналистика жаатындагы сынакка эмгектерди кабыл алуу уланууда.

Сый акы кесиптин кадыр-баркын жогорулатуу жана журналисттердин илим, билим берүү, медицина, маданият, спорт, экономика, экология, туризм, айыл чарбасы, өнөр жайы жана башка чөйрөлөрдөгү чыгармачылык активдүүлүгүнө дем берүү максатында уюштурулган.

Байге үчүн сынакка үчтөн ашык эмес номинацияга катышууга арыз берүүгө жана циклден бир номинацияга бир гана материалды берүүгө укуктуу болгон Кыргыз Республикасынын жарандары катыша алат.

Сынакка катышуу үчүн жөнөтүлгөн материалдар 2024-жылдын 1-январынан 1-октябрына чейинки аралыкта даярдалган болушу керек жана ал ушул жылдын 1-октябрына чейин кабыл алынат.

Сыйлыктын жеңүүчүлөрүн жарыялоо 7-ноябрь – Маалымат жана басма сөз күнүнө арналган расмий иш-чарада, бардык номинанттарды чакыруу менен салтанаттуу өткөрүлөт.

Сынакка материалдар 10 номинация боюнча кабыл алынат:

  • Бир эл – бир түндүк;
  • Керемет Кыргызстан;
  • Салык – өнүгүүгө салым;
  • Таза Мекен;
  • Билим – келечек;
  • Куттуу элет;
  • Мекен жана мен;
  • Мекендештер;
  • Кыргызстанда чыгарылган (Made in KG);
  • Сергек жашоо.

«Мейкин» сыйлыгына тандоо жана ыйгаруу боюнча комиссия журналистика, жалпыга маалымдоо каражаттары, кинематография, телерадиоберүү, илим, маданият жана искусство тармагындагы кадыр-барктуу, квалификациялуу адистердин, мамлекеттик кызматкерлердин, Кыргызстандын жарандарынын ичинен түзүлгөн:

Сыйлыкка тандоо комиссиясынун курамына төмөнкүлөр кирет:

1. Дайырбек Орунбеков — президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси, комиссиянын төрагасы;

2. Тагаев Марат — маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары;

3. Тынчтыкбек Алтымышов – медиа эксперт;

4. Мээрим Артышева — Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин байланыш факультетинин деканынын орун басары;

5. Майраш Базлакунова — журналист, медиа эксперт;

6. Заирбек Бактыбаев — журналист, аналитик;

7. Нурдин Дүйшөнбеков — «Журналисттер» коомдук уюмунун төрагасы;

8. Дмитрий Евлашков – «Российская газета» гезити өкүлчүлүгүнүн директору:

9. Ибрагим Нуракун уулу — журналист, медиа эксперт;

10. Ширин Костюк — Ж.Баласагын атынданы Кыргыз улуттук университетинин Журналистика жана коммуникация институтунун директору;

11. Өмүрбек Сатаев – медиа эксперт.

Дайырбек Орунбеков белгилегендей, сынак өлкөнүн аброюн көтөрүү жана улуттар аралык ынтымакты чыңдоо максатын көздөйт.

Сынакка катышууга келип түшкөн материалдар төмөнкү критерийлер боюнча тандалат:

– маалыматтын уникалдуулугу жана теманын терең изилденүүсү;

– маалыматтын тактыгы жана ишенимдүүлүгү;

– теманын максаты, көлөмү жана мааниси;

– маалыматтын мазмуну, теманы чагылдыруунун сапаты жана объективдүүлүгү

– автордук журналисттик кесипкөйлүк;

– материалды берүүнүн оригиналдуулугу жана жаңылыгы.

Белгиленгендей, сыйлыктын байге фонду 10 млн сомду түзөт. Он номинациянын ар бирине 1 млн сомдон сый акы каралган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button