Коом

Кадамжайда дагы деле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү бар — Камчыбек Ташиев

Кадамжайда дагы деле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү бар, алар кайсы бир деңгээлде өздөрүн эркин сезип, айрым иштерге кийлигишип жүрөт.

Камчыбек Ташиев атайын кызматтын Кадамжай райондук жана Бүргөндү аймактык бөлүмүнүн имараттарынын ачылышында жогорку терс көрүнүш тууралуу айтып, атайын кызматтын жергиликтүү башкармалыгына эскертүү жасады.

“Буларга тез арада чара колдонбосоңор, мен силерге катуу чара колдоном. Коррупционерлер да чек ара аймагында мыйзамсыз иштерге барышууда, буга жол берилбеши керек”, – деген УКМК төрагасы.

Аталган кызматтын Бүргөндү аймактык бөлүмүнүн имараты толугу менен жаңыртылган. Ал эми Кадамжай райондук бөлүмү жаңы имараттуу болгон.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button