Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Чолпон-Ата шаарында окуу машыгуу жыйынын өткөрүүдө.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, 7-сентябрда башталган окуу-машыгуу жыйыны 24-сентябрда жыйынтыкталат. Машыгуулар эл аралык мелдештерге даярдык көрүү максатында уюштурулган.
Курама команданын тизмеси:
- 48 кг Анвар Ходжиев;
- 51 кг Бекзат Эргешов;
- 54 кг Нуржигит Дүйшөбаев;
- 57 кг Ислам Төрөбаев, Санжай Сейдакматов;
- 60 кг Тургунбек Иманкадыров, Рысбек Бектенов;
- 63,5 кг Умар Ливаза, Мирзохид Имамназаров;
- 67 кг Алмаз Орозбеков, Ихтиёр Нишанов;
- 71 кг Сыргак Сырттан уулу, Эльзар Турдубаев;
- 75 кг Даниэль Абдрахманов;
- 80 кг Сагын Сатыбалды уулу, Атай Асанбек уулу;
- 92 кг Бакыт Токтосун уулу;
Башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу, машыктыруучулар Темирлан Осмонов, Бейшен Сатаров.
Окуу машыгуу жыйыны Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2024-жылга алынган календардык планына ылайык өткөрүлүүдө.