Коом

УКМК: Социалдык тармактарда деструктивдүү элементтерге аракет кылгандар аныкталды

УКМК тарабынан коомдук-саясий туруктуулукту камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында социалдык тармактарда мамлекеттик бийлик органдарынын иши жөнүндө коомчулукту адаштырууга багытталган айрым деструктивдүү элементтердин аракеттери аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Тактап айтканда, Facebook социалдык тармагында кыргыз улутундагы жаштарды кара түстөгү атайын формачан адамдар агрессивдүү түрдө кармап жаткан видео тараган. Ошол эле учурда бул видео Кыргызстандын күч органдары тарабынан коомчулукка психологиялык басым көрсөтүү максатында кармоо катары көрсөтүлүүдө.
Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында аталган видео материал социалдык тармакта «Азаттык Кыргызстан» логотибин колдонуу менен фейк аккаунт аркылуу таркатылганы аныкталды.
Ал эми роликтин өзү Москва шаарында тамаша (пранк) катары тартылган.
Тактап айтканда, 2024-жылдын июль айында «Самат кыргыз» каймана аты менен таанылган Россия Федерациясынын жараны Абдырахманов Самат Маматматраимович достору Нурлан уулу Марсель, Абдрахманов Абдурахман, Искендеров Атабек, Жакишов Алибек, Пирматов Тимурлан, Адишеров Адилет менен чогуу эс алуу үчүн Москва шаарындагы ижарага алынган үйлөрдүн биринде чогулушкан. Бир нече убакыт өткөндөн кийин үйгө Ыкчам аракеттенүүчү атайын отряддын мүчөлөрүнүн кийимин кийген адамдар кирип, кармоо иштерин жүргүзүшкөн. Бул өз кезегинде блогер А.Адишеровдун социалдык тармактарда катталуучулардын санын көбөйтүү максатында уюштурган пранкы болуп чыкты.
Ошентип, коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу максатында коомчулукту адаштырууга жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарын жаманатты кылууга деструктивдүү элементтер менен аракеттер көрүлүүдө.
Учурда УКМК тарабынан аталган публикациянын “авторлорун” кылмыш жоопкерчилигине тартуу максатында аныктоо чаралары көрүлүүдө.
УКМК жарандарды провокацияга алдырбоого жана чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратпоого чакырат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button