Коом

Кыргызстандык студенттер жасалма интеллект боюнча эл аралык олимпиадага катыша алат

Москвада Улуттук изилдөө окуу жайынынын информатика факультети тарабынан жасалма интеллект жана маалыматтарды талдоо боюнча AIDAO эл аралык олимпиадасы өтөт. Бул тууралуу Россиянын Бишкектеги билим жана маданият борбору билдирди.

Олимпиаданын байге фонду 1 млн 350 миң рублди түзөт. Бул ар кайсы өлкөлөрдөн келген студенттер үчүн окуу жай менен IT компаниясынын жасалма интелект боюнча биринчи биргелешкен олимпиадасы. Катышуучулар илимдин жана өндүрүштүн татаал проблемаларын чечүүдө өз күчүн сынап, HSE жана Яндекс компанияларынын эксперттери менен жолугушат.

Белгиленгендей, олимпиадага катышууну каалагандардын билдирмелери 5-октябрга чейин кабыл алынат.

Олимпиадага катышуу үчүн командалык арыз (2-3 адам) берүү керек жана Python программалоо тилин, технологиялык маалыматтарды топтоону, талдоону, аны менен иштөөнү билиши зарыл.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button