Коом

Күрп-Сай ГЭСинде №3 гидроагрегатты оңдоо 80%га аяктады

Күрп-Сай ГЭСинде №3 гидроагрегат капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. 

Бул тууралуу энергетика министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда белгиленген жумуштардын 80 пайызы аткарылып, гидротурбина жана электр жабдыктары толугу менен реконструкциядан өтүп жатат.

Иштер күз-кыш мезгилинде калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында аткарылууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button