Саясат

«Коопсуз шаар» долбоору ИИМге өттү

“Коопсуз шаар” долбоору Ички иштер министрлигине өттү. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Ага ылайык, Ички иштер министрлиги “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болду.

Эми Санариптик өнүктүрүү министрлиги 10 күндүн ичинде ИИМге “Коопсуз шаар” автоматташтырылган маалыматтык системасын өткөрүп берет.

Эске салсак, Кыргызстанда жол кыймылын көзөмөлдөгөн долбоор 2019-жылы иштей баштаган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button