Кылмыш-кырсык

УКМК: «Учкун» ААКтын кызматкерлеринин жана патрулдук милиция башкармалыгынын инспекторлорунун коррупциялык схемасын аныкталды

УКМК тарабынан мамлекеттик органдардын ишиндеги коррупциялык көрүнүштөрдү демонтаждоо боюнча тынымсыз жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында «Учкун»ААКнын мамлекеттик полиграфиялык борборунун кызматкерлеринин коррупциялык схемасы аныкталып бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Тактап айтканда, белгиленген басмакананын катуу отчеттуулук бланктарын чыгаруучу цехтин жумушчулары Т.у.М. жана М.у.Б., жеке материалдык пайда табуу максатында басып чыгаруунун белгиленген эрежелерине каршы, административдик укук бузуулар жөнүндө протоколдордун дубликаттарын даярдашкан.

Басмакананын жумушчулары Т.у.М. жана М.у.Б. кармалып, Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, аларга карата зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Азыркы учурда Мамкомитет тарабынан белгиленген укукка каршы жосундун бардык жагдайларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштер улантылып, көмөк көрсөткөн башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.
Эске сала кетсек, 2024-жылдын 16-сентябрында бул иш боюнча Бишкек ШИИБдин патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерлери да кармалган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button