Коом

Жүндөн жасалган жер семирткичтер сыноодон өткөрүлүүдө

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кой жүнүнөн жасалган жер семирткич сыноодон өткөрүлүп жатканын билдирди.
Маалыматка ылайык, Монголияга койдун 13,2 тонна жүнү жеткирилип, андан 11,2 тонна органикалык жер семирткич жасалган.
«Учурда кой жүнүнөн жасалган органикалык жер семирткичти сыноо методикасы жана параметрлери аныкталууда, бул эксперименттин жүрүшүндө баалана турган көрсөткүчтөр аныкталып жатат», — деп жазылган маалыматта.
Министрликтен эксперименттин жыйынтыгы менен натыйжасы боюнча илимий негизделген корутунду берилерин кошумчалашты.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button