Коом

Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында майыптуулугу бар жарандар үчүн ыңгайлуу пандустар пайда болду

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирет.

Шаар мэринин орун басары Виктория Мозгачева жана майыптуулугу бар адамдардын эмгек укуктары боюнча медиа-эксперт Аскар Турдугулов (Оскар Райс) реконструкциялоо иштери аяктап жаткан Ала-Тоо аянтынын жеткиликтүүлүгү боюнча практикалык изилдөө жүргүзүштү.

Активист пандустарды колдонуунун ыңгайлуулугун жеке мисалы менен көрсөтүп, мындай өзгөртүүлөр үлгү болушу керектигин баса белгиледи.

Белгилей кетсек, реконструкциялоо иштеринен соң Ала-Тоо аянты 21-сентябрда ачылат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button